Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргыз-тажик башчылары чек ара боюнча Ратификациялык грамоталарды алмашышты
31.03.2025 | 11:57
Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт. Ал чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана ага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат