Автоунаасын жасалма номер менен айдап жүргөн адам кармалды – сүрөт

Автоунаасын жасалма номер менен айдап жүргөн адам кармалды – сүрөт

Жалал-Абадда автоунаасын жасалма номер менен айдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда ЖКККББнын кенже инспектору Э. Абжапаров «Дэу-нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик белгиси күмөн туудурганына байланыштуу токтотуп текшерген.

Анда аталган автоунаанын мамлекеттик белгиси жалган номер экендиги аныкталган. Маалым болгондой, автоунаанын айдоочусу тагып башкарып жүргөн номер башка автоунаага тиешелүү болгон, ал эми автоунаанын өзүнүн  номери автоунаанын ичинен табылган.

Бул факты боюнча азыркы учурда тийиштүү материалдар топтолуп,  автоунаа атайын айып короого токтотулуп, айдоочусу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>