Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Айыл чарба министрлиги: Өлкө боюнча дан эгиндеринин 60%ы жыйналды
01.09.2025 | 15:14

Бүгүн, 1-сентябрга карата өлкө боюнча түшүмдү оруп-жыйноо активдүү жүрүп,
дан эгиндеринин жалпы 60%ы жыйналды. Анын ичинен буудай 85%га, арпа 70%га жыйналып бүттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда май өсүмдүктөрү миң гектардан ашык аянтта жыйналып жатат. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында түшүм жыйноо жаңыдан башталып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 25–30 центнерди түзүүдө.
“Бул жылы республика боюнча дан эгиндеринин жалпы аянты өстү, фермерлер өзүнчө жаңы сортторду жана биологиялык ыкмаларды колдонуп, түшүмдү көбөйтүүгө жетишти”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика