ЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа бердиКөчмөндөр оюндарында 500дөн ашык адам медициналык жардам сурап кайрылдыОшто жасалма акциздик марка чапталган алкоголсуз суусундуктар аныкталдыКыяз Ниязов Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү тууралуу: «Башкы беттеш — Казакстан менен болот»«Көчмөндөр айылында» мыкты боз үй тандалат
Айыл чарба министрлиги: Өлкө боюнча дан эгиндеринин 60%ы жыйналды
01.09.2025 | 15:14

Бүгүн, 1-сентябрга карата өлкө боюнча түшүмдү оруп-жыйноо активдүү жүрүп,
дан эгиндеринин жалпы 60%ы жыйналды. Анын ичинен буудай 85%га, арпа 70%га жыйналып бүттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда май өсүмдүктөрү миң гектардан ашык аянтта жыйналып жатат. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында түшүм жыйноо жаңыдан башталып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 25–30 центнерди түзүүдө.
“Бул жылы республика боюнча дан эгиндеринин жалпы аянты өстү, фермерлер өзүнчө жаңы сортторду жана биологиялык ыкмаларды колдонуп, түшүмдү көбөйтүүгө жетишти”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика