Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
«Ала-Арча» паркында дайынсыз болгон 4 өспүрүм куткарылды
01.09.2025 | 14:55

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында дайынсыз болуп кеткен 4 өспүрүм аман-эсен табылып, куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-августта 15 жаштагы үч өспүрүм жана 16 жаштагы бир өспүрүм жоголгону тууралуу “112” кызматына кабар түшкөн.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборунун «Ала-Арча» паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында өспүрүмдөр аман-эсен куткарылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар