Аз камсыз болгон 58,4 миң үй-бүлөнүн 55,5 миңи электр энергия жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт

Аз камсыз болгон 58,4 миң үй-бүлөнүн 55,5 миңи электр энергия жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт

Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөрлөрдүн 94,9%ы электр энергиясын жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, президенттин демилгеси менен 2022-жылдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөрлөр үчүн электр энергияны жеңилдетилген тариф боюнча төлөө каралган. 2024-жылдын май айына чейин алар 700 кВт/саатка чейинки электр энергия үчүн 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөп келген. Майда баа көтөрүлгөндөн кийин 55,4 тыйындан төлөй баштаган.

Учурда аталган жөлөкпулду 58,4 миң үй-бүлө алат. Анын ичинен 55 миң 494ү электр энергиясын жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт. Министрлик билдиргендей, калган 3 миңдей үй-бүлө ижарага алган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашап, жеке эсептери жоктугунан, ошондой эле жашаган жеринде электр энергия жок болгондуктан (жашаган жерлеринде электр зымдары тартылган эмес, энергетикалык компаниялар менен келишими жок) берилген жеңилдикти колдоно албай келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>