Кыргызстандын авиациясы ЕБдин «кара тизмесинен» чыктыМурдагы башкы прокурор жана ЖКнын экс-төрагасы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайттыИран феномени: Кыргызстан эмнени үйрөнүшү керек — экспертЖааган кардан улам Нарын жана Ысык-Көл облустарында майда мал өлдүКыргызстан менен Кипр 2027–2028-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюштуКөп уюлдуу дүйнө технологиялардын тегерегинде курулат — Эсен Усубалиев
Рахмон Кыргызстанга келет, айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат
11.03.2025 | 09:00
Эксклюзив
Аликбек Жекшенкулов: Ирандын тегерегиндеги окуялар ШКУнун бүтүндөй аймагына таасирин тийгизет
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе тургандыктан 12-13-мартта Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маал-маалы менен жабыла турган көчөлөр:
- «Манас» эл аралык аэропорту – Бишкек жолу;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол.
Жол милициясы айдоочулардан 12-13-мартта аталган көчөлөрдүн жээктерин унааларын калтырбоону, жүк ташуучу чоң унаалар менен жолго чыкпай турууну, жол эрежесин сактоону суранат.
Эгерде башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом