Бүгүн, 26-мартта Иорданияда күрөш боюнча Азия чемпионаты уланып, грек-рим күрөшү боюнча мелдештин экинчи күнү өтөт.
Бүгүн 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмактарда таймаштар болуп, кыргызстандык балбандардан Акыл Сулайманов, Раззак Бейшекеев, Ырыскелди Хамзаев, Бекзат Орункул уулу жана Мелис Айтбеков килемге чыгат.
Кыргызстандык балбандардын атаандаштары:
60 кг, чейрек финал
Акыл Сулайманов – Асламжон Азизов (Тажикстан)/Арсланбек Закирбаев (Түркмөнстан) беттешинин жеңүүчүсү
67 кг, чейрек финал
Раззак Бейшекеев – Али Аббас Албидхан (Ирак)/Нераж Нераж (Индия) кармашынын жеңүүчүсү
72 кг, 1/8 финал
Ырыскелди Хамзаев – Адилхан Сатаев (Казакстан)
82 кг, чейрек финал
Бекзат Орункул уулу – Мохаммад Нагхоуси (Иран)/Мухаммадкодир Расулов (Өзбекстан) беттешинин жеңүүчүсү
97 кг, чейрек финал
Мелис Айтбеков – Жу Парк (Түштү Корея)/Юри Наказато (Япония) кармашынын жеңүүчүсү
Белгилей кетсек, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт.
Мелдештин биринчи күнүндө килемге чыккан кыргызстандык 5 балбандын ичинен 77 кг салмакта Ырыскелди Максатбек улуу коло утту.