Азия чемпиондугу: Кыргызстан 14 медаль алды (ТИЗМЕ)
Кыргызстандын спортчулары Монголияда өткөн Азия чемпиондугунда 14 медалга ээ болушту.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өттү. Ага Кыргызстандан 21 спортчу катышты.
Кыргызстандыктар 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло утуп алышты.
Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болушту.
Грек-рим күрөшү
60 кг чейин
1-орун – Жоламан Шаршенбеков
63 кг чейин
1-орун – Тынар Шаршенбеков
72 кг чейин
3-орун – Адилхан Нурланбеков
77 кг чейин
1-орун – Акжол Махмудов
97 кг чейин
3-орун – Үзүр Жүзүпбеков
130 кг чейин
3-орун – Роман Ким
Эркин күрөш, эркектер
57 кг чейин
3-орун – Алмаз Сманбеков
61 кг чейин
3-орун – Улукбек Жолдошбеков
70 кг чейин
2-орун – Эрназар Акматалиев
74 кг чейин
3-орун – Исламбек Орозбеков
79 кг чейин
3-орун – Арсалан Будажапов
Эркин күрөш, аялдар
62 кг чейин
2-орун – Айсулуу Тыныбекова
68 кг чейин
2-орун – Мээрим Жуманазарова
76 кг чейин
1-орун – Айпери Медет кызы