Дарыгерлердин айлыгы 50% га көтөрүлдү. Ким канча алары эсептелди

Дарыгерлердин айлыгы 50% га көтөрүлдү. Ким канча алары эсептелди

Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөктөрү жана кошумча төлөмдөрү сакталып, 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталды (айыл, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) жана эмгек акысына кошулуп берилет.

Эмгек стажысы бар кызматкерлерге (кенже тейлөөчү персоналдан тышкары) саламаттык сактоо системасында иштеген жылдары үчүн кошумча:

5 жылдан 10 жылга чейин 10% чен менен

10 жылдан 15 жылга чейин 20% чен менен

15 жылдан ашык болсо 30% чен менен.

Квалификациялык категория боюнча үстөк кызматтык маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сакталат жана белгиленет:

жогорку квалификациялык категория — 50%;

I квалификациялык категория — 30%;

II квалификациялык категория — 10%.

Айкалыштырып иштөө боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.

Мисалы:

1) 6 жылдык стажы бар, категориясы жок айылдык ооруканада иштеген дарыгердин айлык акысы жогорулаганга чейин 9 001 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 13 518 сомдун тегерегинде болот; эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда.

2) 17 жылдык иш стажысы бар жогорку категориядагы врач, жогорулатканга чейин — 14 252 сом, жогорулатылгандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда эмгек акысы 21 403 сомго жакынды түзөт.

3) шаардык поликлиникада (ҮМБ) иш стажысы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгерге жогорулаганга чейин — 10 000 сом, жогорулатылгандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда, 15 136 сомдун тегерегинде болот.

4) айыл жериндеги жогорку категориясы жана 16 жылдык иш стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин — 19 000 сом, жогорулагандан кийин эмгек акысы эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 28 758 сомдун тегерегинде болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>