Азия чемпиондугу: Кыргызстан 14 медаль алды (ТИЗМЕ)

Азия чемпиондугу: Кыргызстан 14 медаль алды (ТИЗМЕ)

Кыргызстандын спортчулары Монголияда өткөн Азия чемпиондугунда 14 медалга ээ болушту.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өттү. Ага Кыргызстандан 21 спортчу катышты.
Кыргызстандыктар 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло утуп алышты.
Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болушту.

 

Грек-рим күрөшү

60 кг чейин

1-орун — Жоламан Шаршенбеков

63 кг чейин

1-орун — Тынар Шаршенбеков

72 кг чейин

3-орун — Адилхан Нурланбеков

77 кг чейин

1-орун — Акжол Махмудов

97 кг чейин

3-орун — Үзүр Жүзүпбеков

130 кг чейин

3-орун — Роман Ким

 

Эркин күрөш, эркектер

57 кг чейин

3-орун — Алмаз Сманбеков

61 кг чейин

3-орун — Улукбек Жолдошбеков

70 кг чейин

2-орун — Эрназар Акматалиев

74 кг чейин

3-орун — Исламбек Орозбеков

79 кг чейин

3-орун — Арсалан Будажапов

 

Эркин күрөш, аялдар

62 кг чейин

2-орун — Айсулуу Тыныбекова

68 кг чейин

2-орун — Мээрим Жуманазарова

76 кг чейин

1-орун — Айпери Медет кызы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>