Азия Кубогуна тандоо. Кыргызстандын футбол боюняа U-23 курамасы Палестинаны утту

04.09.2025 | 09:23

Кыргызстандын футбол боюнча U-23 улуттук курама командасы 2026-жылкы Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Палестина менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, миңдеген күйөрмандардын колдоосу менен коштолду.

Алгач кыргызстандык Кими Мерк пенальтиден эсепти ачса, көп өтпөй палестиналык Халид Абу Эль Хайжа эсепти теңеген. Бирок биринчи таймдын соңунда кайрадан Кими Мерк гол киргизип, жеңишти камсыздады.

Матчка өлкө жетекчилиги да өз колдоосун көрсөтүп, стадиондон өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев, Кыргыз футбол биримдигинин президенти жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сыяктуу аткаминерлер күйөрмандык кылышты.

Беттештен кийин алар спортчулардын бөлмөсүнө кирип, оюнчуларды жеке куттуктап, алдыдагы таймаштарда ийгиликтерди каалашты.

Кыргызстан U-23 командасы бул жеңиш менен Азия Кубогуна жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн күчөттү.

Scroll to Top