Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте адашып кеткен 6 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди
03.09.2025 | 17:50

Биринчи Май РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери адашып кеткен 6 жаштагы баланын жүргөн жерин аныктап, аны ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ата-энеси менен да профилактикалык маек өткөрүп, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана мындай учурларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Рубрики: Жаңылыктар