Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Азия Кубогунда каратэ боюнча кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты
10.09.2019 | 17:11
6-7-сентябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн Азия Кубогунда Киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Киокушинкай-кан каратэ федерациясынан билдиришти.
Махмудов Айдин, Асылбек уулу Арсланбек, Каныметов Нурмухаммед алтын медалга ээ болушса, Благодарова Валентина, Алисултанова Диана, Орозбек уулу Шамиль күмүш медаль тагынышкан, ал эми Шерматов Баэль коло медалдын ээси болгон.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Орусиянын спортчулары катышкан.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт