Бишкекте аял 140 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалдыКөчмөндөр оюндарында «Росатомдун» колдоосу менен инклюзивдүү чеберчилик сабактары өттүКыргызстандыктар Таиландга 30 күнгө визасыз кире алышат. Эмнелер талап кылынат?«Рубеж-2026»: Кыргызстандын аскерлери Казакстандагы ЖККУнун машыгуусуна катышатКыргызстанда 100 млн долларга «Сары-Таш» логистикалык борбору курулатТамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. «Ош» аэропортунда чет өлкөлүк жаран кармалды
Азия Кубогунда каратэ боюнча кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты
10.09.2019 | 17:11
6-7-сентябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн Азия Кубогунда Киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Киокушинкай-кан каратэ федерациясынан билдиришти.
Махмудов Айдин, Асылбек уулу Арсланбек, Каныметов Нурмухаммед алтын медалга ээ болушса, Благодарова Валентина, Алисултанова Диана, Орозбек уулу Шамиль күмүш медаль тагынышкан, ал эми Шерматов Баэль коло медалдын ээси болгон.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Орусиянын спортчулары катышкан.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт