Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Жек Ма Alibaba компаниясынын башчылыгынан кетти
10.09.2019 | 16:53
Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Жек Ма директорлор кеңешинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.
Басылма жазгандай, Жек Манын кызмат ордуна компаниянын башкы директору Дэниэл Чжан келди. Бирок Ма келечекте компания үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуу иштерине катышып турат.
Жек Ма 10-сентябрда 55 жашка толду. Ал өткөн жылы ушул күнү бир жылдан кийин отставкага кетерин айткан.
Жек Ма Alibaba компаниясын 1999-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында негиздеп, аны дүйнөдөгү эң ири компаниялардын катарына кошкон.
Ал 41,8 миллиард доллар байлыгы менен Кытайдын эң бай адамы катары саналат. Ал эми Азиядагы бай адамдардын ичинен индиялык Мукеш Амбаниден кийинки тизмеде турат
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар