Согуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль утту
Азия оюндары: Кыргызстандык эки каратечи күмүш жана коло байге утту
07.10.2023 | 12:00
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 6-октябрда кыргызстандык эки спортчу карате боюнча мелдеште күмүш жана коло байге алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Эркектер арасында 84 кг салмакта беттешкен Адилет Шадыканов күмүш байгеге татыган.
Ал эми кыз-келиндер арасында 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова коло медаль уткан.
Эскерте кетсек, 5-октябрда карате боюнча мелдеште Назим Нурланов (75 кг) коло байге тагынган.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жаан 7 коло байге бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз