Мушташ-чыр болбошу үчүн милиция Бишкектеги кафе-барларда күзөт кылат

Мушташ-чыр болбошу үчүн милиция Бишкектеги кафе-барларда күзөт кылат

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү борбор калаада жарандар көп барган бир нече эс алуу жайларында (бар, кафе) күнү-түнү кызмат өтөшөт. Бул тууралуу шаардык милииядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул демилге шаардык милициянын башчысы тарабынан көтөрүлүп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартипти сактоо үчүн жасалууда. Милиция кызматкерлери күнү-түнү күзөт кыла турган эс алуу жайларынын катарында «Чердак», «Мюнхен» жана «Асанбай Центр» бар.

«Милиция кызматкерлеринин негизги максаты — кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милиция кимдер бирөөнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо же мыйзам бузууга күбө болгон адамдарды жакынкы милиция кызматкерине же «102» кызматына кабар берүүсүн суранат.

Шаардык милиция жарандарга мыйзам бузган адамдар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>