Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Азия оюндары: Кыргызстандык эки каратечи күмүш жана коло байге утту
07.10.2023 | 12:00
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 6-октябрда кыргызстандык эки спортчу карате боюнча мелдеште күмүш жана коло байге алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Эркектер арасында 84 кг салмакта беттешкен Адилет Шадыканов күмүш байгеге татыган.
Ал эми кыз-келиндер арасында 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова коло медаль уткан.
Эскерте кетсек, 5-октябрда карате боюнча мелдеште Назим Нурланов (75 кг) коло байге тагынган.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жаан 7 коло байге бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз