Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Азия оюндары: Токтомамбетов жана Лазарев коло үчүн күрөшөт
07.10.2023 | 13:33
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Орозобек Токтомамбетов жана Айаал Лазарев Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло байге үчүн күрөшөт.
Орозобек Токтомамбетов 74 кг салмакта биринчи беттешинде ирандык балбан менен кез келип, 2:7 эсебинде жеңилген. Кийин атаандашы финалга өтүп, көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда Токтомамбетов кытайлык балбанды жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Айаал Лазарев 125 кг салмакта таймашка чыгып, 1/8 финалда индиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда монгол балбанына жеңилген. Эми ал да 3-орун үчүн беттеш өткөрөт.
Финалдык беттештер бүгүн саат 15:00до башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз