Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайтАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыкты
Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей курамасы чейрек финалда Кореяга жеңилди
11.02.2025 | 16:38
Кыргызстандын хоккейчилери Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында чейрек финалдагы беттешинде жеңилди.
Беттеш бүгүн, 11-февралда өтүп, Кыргызстандын курамасы Түштүк Корея менен ойноду. Оюн 0:20 эсебинде жыйынтыкталды.
Жеңилүү ызасын тарткан Кыргызстандын хоккейчилери Азия оюндарындагы жарыштан четтеди.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Кыргызстандын хоккей курамасы бул мелдеште 7-орунга татыды.
Эскерте кетсек, кыргызстандык хоккейчилер чейрек финалга чейинки оюндарында Кувейт, Бахрейн, Сингапур, Гонконг курамаларын уткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт