Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Азия оюндары: Шаршенбековдун атаандаштары белгилүү болду
02.10.2023 | 09:40
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Азия оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду. Балбанбардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.
Азия оюндарында 60 кг салмакта жалпы 16 балбан алтын байге үчүн күч сынашат.
Жоламан Шаршенбеков 4-октябрда таймашка чыгат.
60 кг салмакта күрөшкөн балбандар:
- Прос Чрай (Pros Chray, Камбожа)
- Лигуо Сао (Liguo Cao, Кытай)
- Жуй Чи Хуаң (Jui Chi Huang, Кытайлык Тайбей)
- Сын Ри (Seung Ri, Түндүк Корея)
- Гянендер Дахия (Gyanender Dahiya, Индия)
- Супарманто Супарманто (Suparmanto Suparmanto, Индонезия)
- Мейсам Далхани (Meysam Dalkhani, Иран)
- Аята Сузуки (Ayata Suzuki, Япония)
- Айдос Султангали (Aidos Sultangali, Казакстан)
- Жоламан Шаршенбеков (Zholaman Sharshenbekov, Кыргызстан)
- Ханжаэ Чун (Hanjae Chung, Түштүк Корея)
- Асламжон Азизов (Aslamjon Azizov, Тажикстан)
- Танва Сутди (Thanwa Sutdi, Таиланд)
- Арсланбек Закирбаев (Arslanbek Zakirbayev, Түркмөнстан)
- Исломжон Бахрамов (Islomjon Bakhramov, Өзбекстан)
- Тянь Хай Буй (Tien Hai Bui, Вьетнам)
Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.
Азия оюндары: Махмудовдун атаандаштары жана кайсы күнү күрөшөрү белгилүү болду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз