Канча киши 2 миң сомдой жана канча адам 30 миңден ашык пенсия алары белгилүү болду

Канча киши 2 миң сомдой жана канча адам 30 миңден ашык пенсия алары белгилүү болду

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, эң аз дегенде 500 сомго көбөйтүлдү.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин 29-сентябрындагы жыйынында пенсиялар 1-октябрдан тарта канча сом көтөрүлөрү көрсөтүлдү.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда пенсионерлердин саны 763,2 миң адамды түзөт. 1-октябрда өлкөдө пенсия орточо 1 662 сомго көтөрүлүп, орточо пенсия 9354 сомду түздү (буга чейин 7 662 сом болгон).

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2000 сомго жетпеген пенсияны 12,5 миң киши алат. Алардын орточо пенсиясы 1675 сомду түзөт. 1-октябрдан тарта алардын пенсиясына 500 сом кошулуп, орточо пенсиясы 2175 сомду түзүп калат.

2000ден 3000 сомго чейинки пенсияны 23,7 миң жаран алат. Алардын орточо пенсиясы – 2570 сом. Алардын пенсиясы 500 сомго көтөрүлүп, орточо пенсиясы 3070 сомду түзөт.

3001ден 4000 сомго чейин акча алып жаткан пенсионерлердин саны 72,8 миң адамга жетет. Азыркы орточо пенсиясы 3658 сомду түзөт. 1-октябрдан тарта аларга орточо 500 кошулуп, орточо пенсиясы 4158 сом болуп калат.

4001ден 5000 сомго чейин пенсия алгандардын саны 109,9 миңди түзөт. Алардын учурдагы орточо пенсиясы — 4657 сом. Ушул айдын башында аларга орточо 500 сом кошулуп, орточо пенсиясы 5157 сом болот.

5001ден 10000 сомго чейинки пенсияны 395,1 миң киши алат. Азыр алардын орточо пенсиясы 7 325 сомго жетет. Эми алардын пенсиясы орточо 1472 сомго көтөрүлүп,  8797 сомду түзөт.

10001ден 20000 сомго чейин пенсия алып жаткандардын саны 144,2 миңди түзөт. Алардын орточо пенсиясы — 13701 сом. 1-октябрдан тарта аларга орточо 3895 сом кошулуп, орточо пенсиясы 17596 сом болот.

20001ден 30000 сомго чейин пенсия алгандардын саны 5 миң адамга жетет. Алардын орточо пенсиясы 23398 сомду түзөт. Пенсиялары 1-октябрда орточо 7687 сомго көтөрүлүп, орточо пенсиясы 31085 сомду түзүп калат.

Белгилей кетсек, жогорудагы тизмеде пенсияга кошула турган акчанын орточо суммасы жана ал кошулгандан кийин орточо пенсиялар канча сом болору көрсөтүлгөн. Өзүңүздөр түшүнгөндөй, кимдин пенсиясы көп болсо, ага ошого жараша көп, аз болгондордукуна пенсиясынын суммасына жараша акча кошулат.

Ошондой эле 30 миң сомдон ашык пенсияны алгандардын саны 2,4 миң адамды түзөт. Булардын катарында 70 миң, 100 миң жана андан да көп пенсия алгандар бар. Бирок 1-октябрдан тарта 30 миң сомго чейин пенсия алгандардын пенсиясын көтөрүү пландалгандыктан, 30 миң сомдон көп алгандардын пенсиясына канча акча кошулары азырынча белгисиз. Учурда эсептөөлөр жүрүп жатканы гана белгилүү.

Эскерте кетсек, пенсия базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнөн турат. Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн гана көтөрүү пландалган. Ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү убагында камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот. Ага ылайык, пенсияга кошулган акча да аз же көп болот.

Сүрөт: АКИpress

Бүгүн пенсия көтөрүлдү. Пенсионерлер акчасын качан колго алары айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пенсия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>