Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн жолчулары Бишкекте

30.06.2022 | 20:52

Кыргызстанда «Азия-Тынч океан өлкөлөрү- Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа» эл аралык  мультимодалдык каттамын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка караганда, 30 – июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «АТР өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Турция – Европа» эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол администрация башчыларынын алты тараптуу жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мультимодалдык маршруттун аткарылышын талкуулап, жыйынтыгында аталган  маршрутту өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды камтыган  протоколго кол коюлду.

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын, ошондой эле Азербайжандын логистикалык компаниясынын жетекчилери  жана өкүлдөрү катышышты.

Маалымат үчүн:

АТР – Азия-Тынч океан өлкөлөрү. Мультимодалдык коридор – автомобиль жана темир жол транспортун бириктирген консолидация

 

Scroll to Top