Жапаров чет элдиктерге казино ойноого уруксат берген мыйзамга кол койду

Жапаров чет элдиктерге казино ойноого уруксат берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдардын максаты инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү болуп саналат.
“Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” мыйзам менен оюн ишмердүүлүгүнүн субьектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамлары менен аныкталган тартипте каттоодон өткөн юридикалык жактар болору аныкталат, анын ичинде чет элдик.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүүгү менен алектенүүгө укуктуу. Лицензия берүү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге, оюн мекемеси балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин, ошондой эле турак-жай имараттарында жайгаша албайт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандары, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жарамсыз чет элдик жарандары оюн жайларынын кардарлары боло албасы Мыйзам менен бекитилген.

“Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салык кодексине, Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Бул өзгөртүүлөр “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын концепциясына жана максаттарына шайкеш келет. Белгилеп айтканда, Салык кодекси 62-бөлүм менен толукталууда, анда казинонун 1 оюн оюн ойнолуучу үстөлү (1 флот) үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы – 750,0 миң сомду, 2023-жылы – 1 000,0 миң сомду, 2024-жылдан тартып – 1250,0 миң сомду түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>