Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн жолчулары Бишкекте

Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн жолчулары Бишкекте

Кыргызстанда «Азия-Тынч океан өлкөлөрү- Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Азербайжан — Грузия — Түркия – Европа» эл аралык  мультимодалдык каттамын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка караганда, 30 – июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «АТР өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия — Турция — Европа» эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол администрация башчыларынын алты тараптуу жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мультимодалдык маршруттун аткарылышын талкуулап, жыйынтыгында аталган  маршрутту өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды камтыган  протоколго кол коюлду.

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын, ошондой эле Азербайжандын логистикалык компаниясынын жетекчилери  жана өкүлдөрү катышышты.

Маалымат үчүн:

АТР — Азия-Тынч океан өлкөлөрү. Мультимодалдык коридор – автомобиль жана темир жол транспортун бириктирген консолидация

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>