Азык баасын арзандатабыз! Бишкекте ярмарка кандай өттү?

Азык баасын арзандатабыз! Бишкекте ярмарка кандай өттү?

Бишкекте жаңы-жылга карата ярмарка уюштурулду. Жайма базар Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө өттү.

Ал жерде шаар тургундары үчүн майрамдык дасторконго коюла турган баардык азык-түлүк арзандатылган баада жайылды.

Анда уй эти орточо 380 сом, фарш — 400 сом, сабиз, картошканын килограммы 23 сомдон, алма 35 сом, майдын 5 литри 550 сомдон болду.

Ал эми коомдук тартипти милиция кызматкерлери келип көзөмөлгө алышты.
Ошондой эле базарга айыл чарба министри Тилек Токтогазиев да келип, бул жайма базарлар азык-түлүккө болгон бааны аз болсо да жөнгө салып жатканын, сатуучулар жана сатып алуучулардын күндөн күнгө көбөйүп жатканы кубантып жатканын билдирди.

[su_image_carousel source=»media: 52800,52801,52802,52803,52804,52805″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>