Бүгүн интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралат

Бүгүн интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралат

Жогорку Кеңеште бүгүн депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралат.

18-июнда аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жыйынга катталган 106 депутаттын ичинен 102си ага “макул” десе төртөө каршы добуш берген. 

22-июнда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окуудан карап, колдоп беришкен.

Тогуз беренеден турган мыйзам долбоордо  интернет колдонуучулардан тартып, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары айтылат.

«Factcheck.kg» порталы коомдук талкууга чыгарылган бул мыйзам долборунун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган эле.

Бир катар медиа эксперттер жана юристтер бул долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип,  депутаттарды сунуштаган мыйзам долбоорун  артка чакыртып алууну айтып чыгышкан.

REPORTER.KG маалымат агенттиги буга чейин “депутаттардын интернетти көзөмөлдөө аракетинин артында эмне турат?”, – деген аталышта медиа эксперт жана юристтер менен талкуу уюштурган эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>