Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Баатырова менен Кутнаева министр болуп дайындалды
13.09.2023 | 18:02
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Баатырова саламаттык сактоо министри кызматын ээлеп келген. Анын ордуна министр болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды.
Кутнаева 2014-2018-жылдары президенттин аппаратында иштеген. 2018-2021-жылдары “Түндүк” мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2021-жылдан бери Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору болуп иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом