Бейшеналиев кайра министр болду. Президент жарлыкка кол койду

Бейшеналиев кайра министр болду. Президент жарлыкка кол койду

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-2022-жылдары саламаттык сактоо министри кызматын ээлеген. 2022-жылдын июнь айынын башында Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалып, ага бир нече кылмыш иши козголгон. Андан кийин ал 2-июлга чейин камакка алынып, бирок 16-июнда үй камагына чыгарылган.

16-августта Бейшеналиевге козголгон бир иш кылмыштын белгилери табылбагандыктан токтотулган. Кеп COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу жөнүндө болуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу калган кылмыш иштери ИИМ тарабынан тергелип жатканы айтылган.

19-августта Бейшеналиев министр кызматынан бошотулуп, арадан бир күн көтпөй ал «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Жакында эле Алымкадыр Бейшеналиев ага козголгон иштердин баары токтотулганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>