Бириккен Араб Эмираттарында Уолт Дисней-Пиксар тарабынан тартылган Buzz Lightyear анимациялык тасмасын кинотеатрларга көрсөтүүгө тыюу салынды. Мунун баары бир жыныстагы эки каармандын өбүшүшүнө байланыштуу. Бул туурасында ЕвроНьюс жазып чыкты.
Малайзия менен Бахрейн Бириккен Араб Эмираттарынын демилгесин колдоп жатканы кабарланууда. Эмираттар, Жакынкы Чыгыштагы башка көпчүлүк мусулмандар жашаган өлкөлөр сыяктуу эле, бир жыныстуу адамдардын мамилесин кылмыш деп эсептейт.