Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте акындардын айтышы өтөт
08.11.2023 | 09:00
Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Айтыш Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал районунун акимчилиги тарабынан өткөрүлөт. Акындардын таймашынын байге фонду 1 млн сомду түзөт.
Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда саат 10:00до К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Кирүү акысыз.
Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, саат18:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз