Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Курманбек Бакиев Кыргызстанга келери менен камалат, – Ташиев
12.04.2025 | 15:39
Эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат, – деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook’тагы баракчасына билдирүү калтырып.
“Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок.
Конституциялык сот көз карандысыз.
К. Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат.
Ошондуктан эгер К. Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар