Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жатат
Бишкектеги Жеңиш парадына 3 миң аскер кызматкери катышат
12.04.2025 | 13:40
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парадда Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы өнөр көрсөтөт. Коргоо министрлиги Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чаранын чоо-жайы менен бөлүштү.
Парад 8-майда өтүп, ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3 миң аскер кызматкери, ошондой эле өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат. Ага 120дан ашык аскер техникасы, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация тартылат.
Параддын аба бөлүгүнө Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы кирет. Парад саат 10:00дө башталат.
9-майда президент Садыр Жапаров Москвада 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар