Бала бакчада тамактануу. Депутаттар августта кабыл алган мыйзамын өзгөртөт

02.11.2023 | 11:23

Жогорку Кеңеш “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кайра өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, бала-бакчада балдардын тамактануусуна акчаны ата-энелердин мойнуна жүктөө ваучердик билим берүү системасы менен бирге кабыл алынып калыптыр.

“Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамга кошулуп калыптыр, ага өзгөртүү киргизебиз. Тамактанууга акчаны мамлекет бөлүшү керек”, – дейт Мирлан Самыйкожо.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Быйыл август айында кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөй баштайт.

Учурда аталган маселе өкмөттүн кароосуна киргизилип, ата-энелер балдардын тамактануусуна айына канча акча төлөй турганы эсептелип, такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top