Сейфтен 5 млн сомдун уурдалышы: Сот депутатты актады

Сейфтен 5 млн сомдун уурдалышы: Сот депутатты актады

Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча Каракол шаардык кеңештин депутаты Манас Каныбековго шаардык соттун өкүмү өзгөртүлүп, ал акталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ысык-облустук сотунан билдиришти.

Окуя качан болгон?

Милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 17-ноябрга караган түнү Каракол  — Бишкек багыты боюнча каттаган автобустагы сейфтен 5 млн сом акча уурдалган. Уурулук автобус Боом капчыгайындагы кафелердин бирине токтоп турган учурда жасалган. Айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда, белгисиз адамдар учурдан пайдаланып, автобустун ичинде жайгашкан жашыруун сейфти ачып, конверттердеги (53 даана) 5 млн сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына берип жиберген.

Бул иш боюнча 19 жаштагы В.И. жана Ю.Р. аттуу жарандар кармалып, дагы бир шектүү — 27 жаштагы Каракол шаардык кеңештин депутаты Манас Каныбеков издөөгө алынган. Кийинчерээк Ысык-Көл облустук милициясы, Манас Каныбеков укук коргоо органдарына өзү келгенин билдирген. Бул кылмыш ишинин алкагында аталган үч адамдан тышкары дагы эки киши шектүү катары кармалган. Жалпы 5 шектүү болгон.

Уурдалган акча жабырлануучуларга кайтарылган.

Каракол шаардык соттун өкүмү

Быйыл 10-августта Каракол шаардык соту 5 айыпталуучуга өкүм чыгарган. Алардын баары күнөөлүү деп табылып, соттолуп, бирок пробация менен бошотулушкан.

Сот В.И.А. жана Ю.Р.Р. аттуу айыпталуучуларды 6 жылдан эркинен ажыратып, ошол эле учурда 3 жылдык пробация белгилеп, абактагы жазадан бошткон.

Үчүнчү айыпталуучу К.А.С. 367-берененин 1-бөлүгү (Кылмышты жаап-жашыруу) боюнча 2 жылга абакка кесилип, 1 жылдык пробация менен камактан бошотулган.

Манас Каныбеков менен С.А. аттуу айыпталуучу (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 205-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) боюнча соттолушкан. С.А. 2 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда 6 айлык пробацияга чыгарылып, абактагы жазадан бошотулган. Ал эми Каныбеков 5 жылга соттолуп, бирок 3 жылдык пробация менен камактагы жазадан бошотулган.

Шаардык соттун өкүмү менен макул болбой Манас Каныбеков Ысык-Көл облустук сотко апелляция менен кайпылган.

Облустук соттун өкүмү

25-октябрда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Манас Каныбековду актаган. Соттун өкүмүндө айтылгандай, Каныбеков анын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсуз деп табылып, ага реабилитацияга укук берилген.

Каракол шаардык соттун өкүмүнүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Сейфтен 5 млн сомдун уурдалышы: Депутат баштаган айыпталуучуларга өкүм чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>