Эмгек мигранттары пенсиялык камсыздандыруу полисин аралыктан ала алышатАтамбаев автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдарды таштап кетпөөгө чакырдыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири
Элдик репортер. Бишкектин көпчүлүк райондорунда дагы эле жылуулук жок
02.11.2023 | 11:39
Бишкектин бешинчи жана 12-кичи райондорунда жылуулук дагы эле бериле элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаар тургундары кабарлашты.
“31-октябрда дешкен. Бүгүн 2-ноябрь дагы эле жок. Ток менен жылытуучу каражаттарды иштетип, жылытып жатабыз”, – дейт жаран.
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) апта ичинде баардык райондор жана үйлөр жылуулук менен камсыз болорун айтты.
“Жылуулук берүү башталган, бирок бардык райондорго жете элек. Анткени суу айланып, жылыш керек. Айрым үйлөрдө авария болуп, оңдоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Жекшембиге чейин батирлердин баары жылыйт”, – дейт ЖЭБ.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом