Бала бакчада тамактануу. Депутаттар августта кабыл алган мыйзамын өзгөртөт

Бала бакчада тамактануу. Депутаттар августта кабыл алган мыйзамын өзгөртөт

Жогорку Кеңеш “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кайра өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, бала-бакчада балдардын тамактануусуна акчаны ата-энелердин мойнуна жүктөө ваучердик билим берүү системасы менен бирге кабыл алынып калыптыр.

“Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамга кошулуп калыптыр, ага өзгөртүү киргизебиз. Тамактанууга акчаны мамлекет бөлүшү керек”, — дейт Мирлан Самыйкожо.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Быйыл август айында кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөй баштайт.

Учурда аталган маселе өкмөттүн кароосуна киргизилип, ата-энелер балдардын тамактануусуна айына канча акча төлөй турганы эсептелип, такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>