Бой жеткен жаранга ата-энесинин бирөөсүнүн уруксаты менен эле паспорт берүү зарыл. Бул тууралуу «Альянс» фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.
Анын айтымында, ажырашып кеткен үй-бүлөнүн балдары кээде паспорт алууда кыйынчылыктарга дуушар болот.
«Ал үчүн ата-эненин экөөнүн тең уруксаты керек болот. Биз баланын укугун чектеп жатабыз. Ал өзүнүн үй-бүлөлүк шартына карабай паспорт алыш керек. Андыктан бирөө арызы менен документ берилиши шарт. Бул норма биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда бар», — деди депутат.
Белгилей кетсек, «Альянс» фракциясы алимент маселесин талкуулады.
Атасыз өскөн муун. Бир жылда 35 миң баланы расмий никеси жок аял төрөгөн