Кара-Сууда акча коюп, короз уруштургандар кармалдыКыргызстандык спортчулар Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүүдөКР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынат
Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду – видео
13.09.2022 | 22:33
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин алтын байгесин утуп, дүйнө чемпиону болду.
Финалда ал болгариялык Эдмонд Армен Назарян менен күрөшүп, атаандашын 11:2 эсебинде жеңди.
Жоламан Шаршенбеков биринчи ирет дүйнө чемпиону болууда. Ал буга чейин эки ирет дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынган (2018-жылы (55 кг), 2021-жылы (60 кг).
Эскерте кетсек, учурда бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Буга чейин Айжол Махмудов (77 кг) алтын, Амантур Исмаилов (67 кг) коло байге уткан. Алдыда балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло үчүн күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт