ИИМдин ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

ИИМдин ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

13-сентябрдан баштап, ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Жаңы толуктоону аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышууда.

Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт.

Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>