Балдар үчүн кыргыз тилинде эки анимациялык сериал тартылды

Балдар үчүн кыргыз тилинде эки анимациялык сериал тартылды

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясы жана «Карек» балдар киносу фонду «Амантай менен Айтуяк» жана «Быйтыктар» аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык сериалдарды даярдады. Бул тууралуу аталган киностудия билдирди.

Тасмалар чүрпөлөр жана алардын ата-энеси үчүн арналган. Алар жакынка арада УТРКнын «Баластан» телеканалы жана киностудиянын «Кыргызфильм анимация» Ютуб-каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Бул тасмалар «2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» алкагында тартылган.

«Амантай менен Айтуяк» – 3D анимациялык сериалы

«Амантай менен Айтуяк» сериалы 8 бөлүмдөн турат жана 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн атайын даярдалган. Сериал жомоктордо жана эпостордо кездешкен канаттуу жылкылардын тукуму болгон кулун менен Амантайдын достугун баяндап, кызыктуу окуялар аркылуу балдарга маанилүү түшүнүктөрдү жеткирет. Мультсериалдын жүрүшүндө бөбөктөр интеллектуалдык оюндар, ырлар жана табышмактар аркылуу түстөрдү, сандарды жана башка негизги билимдерди үйрөнүшөт.

Анимациялык тасманын сценаристи – Токтобек Үсөнов, ал эми режиссёру жана көркөм жетекчиси – Айбек Дайырбеков.

«Быйтыктар» – 3D анимациялык сериалы

«Быйтыктар» сериалы 12 бөлүмдөн туруп, жаныбарлардын балдарынын образдары аркылуу балдарды дүйнөнү изилдөөгө жана айлана-чөйрөгө кызыгууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, аларды ата-энелери менен активдүү баарлашууга чакырат.

«Быйтыктар» анимациялык тасмасынын сценаристтери – Салтанат Иманкулова, Асел Иманкулова жана Регина Суранова, режиссеру – Айжамал Акчалова.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>