Балыкчы-Кочкор унаа жолунун тилкеси сентябрга чейин жумасына 3 жолу жабылып турат

24.04.2025 | 17:56

23-апрелден 1-сентябрына чейин Балыкчы – Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейинки аралыгы (Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү) мезгил-мезгили менен жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жол” ишканасы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жол Балыкчы – Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу жабылат.

Буга чейин бул тилке күндүзү гана жабылып келсе, эми төмөнкү күндөрү күнү-түнү жабык болот:

  • Дүйшөмбү күнү саат 00:30дан баштап шейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
  • Шаршемби күнү саат 00:30дан баштап бейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
  • Жума күнү саат 00:30дан баштап ишемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат).
Scroll to Top