«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Балыкчыда баңгизат ташыган кылмыштуу топ кармалды
24.09.2025 | 17:30

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында баңги затын ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизатты Ысык-Көл районунан Балыкчыга системалуу ташып келип, кол менен даярдап, андан ары сатууга аракет кылышкан.
Текшерүү маалында алардын жанынан 6 килограмм баңгизат, аны даярдоочу каражаттар жана катталбаган «Тоз-8» үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынган.
Шектүүлөр учурда кармалып, Каракол шаардык тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.