Балыкчы шаарында өрт кырсыгынын кесепетинен 50 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Озерный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
“Өрттүн кесепетинен 1972-жылы туулган М.Н.В. атуу эркек киши каза болгон. Учурда өрттүн толук материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз