Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды.
Министрлер кабинети тарабынан демиленген бул мыйзам долбоору банкроттук жагдайларга байланыштуу коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-кредиттик компанияларынын аманатчыларынын депозиттери боюнча компенсациянын көлөмүн эки жүз миң сомдон бир миллион сомго чейин көбөйтүүгө багытталган.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз