Футбол: Кыргызстандын курамасы Иран жана Ооганстан менен ойнойт

Футбол: Кыргызстандын курамасы Иран жана Ооганстан менен ойнойт

Кыргызстандын футбол курамасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Бишкекте Иран жана Ооганстандын командалары менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

«В» тайпасындагы беттештердин жүгүртмөсү:

  • 10-июнь: Кыргызстан – Ооганстан
  • 13-июнь: Иран – Ооганстан
  • 16-июнь: Кыргызстан – Иран

Беттештер бир айлампада өткөрүлөт. Анда тайпалардын жеңүүчүлөрү Ташкент шаарында финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>