Быйыл үч айда 1,6 тонна баңгизат жүгүртүүдөн алынган

Быйыл үч айда 1,6 тонна баңгизат жүгүртүүдөн алынган

Быйыл 3 ай аралыгында 1 тонна 653,4 кг баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болуп өткөн.

Быйыл үч айда баңгизаттарга байланышкан 365 кылмыш катталып, 3 баңгилаборатория аныкталган, ошондой эле, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653,4 кг баңгизат алынган. Анын ичинде: героин – 14 кг 404 грамм, нашаа – 36 кг 74 грамм, марихуана – 41 кг 863 грамм, кара куурай өсүмдүгү – 12 кг 692 грамм, саман куурай – 13 кг 8 грамм, прекурсорлор – 1 т 494 кг 536 грамм, психотроптук заттар – 39 кг 979 грамм, дары препараттар – 226 грамм, башка маңзат — 630 грамм (кара куурай экстракты жана майы).

Кеңешмеде Интернет түйүнүн колдонуу менен маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө баңги кылмыштарына бөгөт коюу, ошондой эле баңгиликти алдын алуу ишине өзгөчө көңүл буруу зарыл экени белгиленген.

Кеңешмеде иштеги кемчиликтер үчүн БМЖКККнын бир нече башкармалыктарынын жетекчилери жана бир катар кызматкерлери тартиптик жазага тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>