3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
“Барселона” менен футболдук беттеште бир катар көчөлөр жабылат
29.08.2023 | 23:05
“Барселона” футбол клубунун легендарлуу оюнчулары менен “Азия легендалары” командасынын беттеши боло турганына байланыштуу 30-августта саат 14:00дөн баштап бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 14.00дөн баштап Бишкектин эки борбордук көчөсүнө тосмо коюлат.
Алар:
– Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин;
– Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Панфиловго чейин.
Эске салсак, 30-августта саат 20.00дө Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Барселона” футболдук клубунун легендалары менен беттеш болот. Алар “Азия легендасы” командасы менен ойношот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар