Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясы ачылды (сүрөт)

Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясы ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Расмий аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп эсептелет. Дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда дагы футболдун абырою абдан жогору, күйөрмандары жүз миңдеп саналат. Азыр биз өлкөбүздүн ошол жүз миңдеген күйөрмандарына, жалпы эле кыргызстандыктарга жакшы саамалык тартуулоонун астында турабыз.

“Барселона” футбол клубунун Борбор Азиядагы тунгуч академиясынын салтанаттуу ачылышы менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Акыркы жылдардагы футболчуларыбыздын жетишкендиктери бизди сүйүндүрүп, көз жоосун алган оюндарды көрсөткөн Улуттук курама командабыздын жеңиштери кубандырып келет. Ага бир мисал, Кыргыз Республикасы, кыргыз футболу үчүн 2019-жылкы Азия кубогу тарыхый окуя болуп калды. Анда биздин “Ак шумкарлар” кыргыз жигиттеринин өжөрлүгүн жана эрки күчтүүлүгүн бүткүл дүйнөгө даңазалап, керемет оюн тартуулашкан. Ошону менен бирге, курама командабыз мыктылыгын дагы бир ирет далилдеп, келе жаткан Азия биринчилигине жолдомо алышкан. Спорттогу жеңиштер, ийгиликтер дайыма өлкөдөгү биримдиктин, ынтымактын жана өнүгүүнүн көрсөткүчү болуп келген. Андыктан, мамлекет мындай зор жетишкендиктерди жерге калтырбай, спорттун бул түрүн колдоого алды.

Азыркы күндө өлкөбүздө футболдун өнүгүшү жаңы динамикалык нукка түштү деп айтаар элем. Ал эми бүгүн болсо биз ата мекендик футболду өнүктүрүүгө дагы бир чоң кадам шилтедик. Өзүңүздөр көргөндөй жаркыраган, заманбап, эл аралык талаптарга дал келген, дүйнөлүк футбол айдыңында алдыңкы орунда турган клубдун академиясын ачып, кубанып турабыз. “Барселона” клубунун академиясынын курулушу Кыргыз Республикасында гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы эң масштабдуу футболдук инфратүзүмдүк долбоордун бири болду десем жаңылышпаймын.

Өлкөбүздүн аймактарынан футбол дегенде ичкен ашын жерге койгон таланттуу спортчулар көп чыгат. Алар талбай машыгып олтуруп, улуттук курама команданын жана ата мекендик футбол клубдарын чыңдап келет. Өзгөчө өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан Надыр Паязов, Владимир Мельниченко, Нематжан Закиров, Асылбек Момунов, Владимир Власичев жана башка көптөгөн мыкты футболчулардын аттары республикага кеңири белгилүү. Бүгүн тасмасы кесилип, салтанаттуу ачылып жаткан академиянын жардамы аркылуу мыкты оюнчулар менен машыктыруучулардын саны дагы артат деп ойлойм.

Академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошооруна мен толугу менен ишенем.

Аталган долбоордун ишке кириши “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын” максаттарына дал келип олтурат. Өлкөдө футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер ушуну менен гана чектелбестен, эртең борбор калаабыз Бишкекте “Барселона” футбол клубунун дал ушундай дагы бир академиясынын курулушуна мезгил кутусун салабыз.

Бул жерден кошумчалай кетейин, мен өзүм футболчумун, бирок мен күрөштүн, бокстун, ал эми Камчыбек Кыдыршаевич балбан, бирок футбол күйөрманы. Ал эми бүгүн футбол академиясынын ачылышында анын эмгеги чоң. Өлкөбүздө эл аралык академиялардын саны көбөйүп, футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү багыты боюнча иштерибиз ийгиликтүү уланса, жаш оюнчулардын чеберчилиги кыйла артып, жаңы бийиктиктерди багынтабыз деп ойлойм!

Академиянын тарбиялануучулары келечекте Улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргойт деп үмүттөнөм. Дүйнө чемпионатында ойноо жөн гана куру кыял болуп калбастан, жакынкы мезгилдерде ал кыялдар иш жүзүндө орундаларына бекем ишенем.

Сөзүмдүн аягында, кадырлуу меймандарыбызга өлкөбүзгө келип, бизге чыныгы футболук майрам тартуулап жаткандары үчүн жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирем. Ал эми Академия жетекчилигине жана машыктыруучуларына албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Урматтуу кыргызстандыктар, жаңы футбол академиябыз кут болсун! Өлкөбүздүн жаркын келечекке сапарын улаган жаңы ийгиликтердин башаты болсун!”.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>